www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ министри Улан Ниязбеков КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер органдарынын борбордук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин VI Кеңешмесинин катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин ички иштер органдарынын борбордук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин VI Кеңешмесинин алкагында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков КМШ өлкөлөрүнүн борбордук укук коргоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарага Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын делегация башчылары, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана башка коркунучтуу кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Катышуучуларды куттуктоо сөзүндө Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоодо борбордук бөлүмдөрдүн өзгөчө ролун белгиледи. Ал азыркы учурда борбор калаалар ишкердиктин, транспорттун, каржы агымдарынын жана миграциялык активдүүлүктүн ири борборлору болуп саналарын, анда стратегиялык маанидеги инфраструктуралар жайгашып, күн сайын миллиондогон адамдар жүрөрүн белгиледи.

«Мындан тышкары, бүгүнкү күндө коркунучтар чек арадан ашкан жана жогорку технологиялык мүнөзгө ээ болууда. Алардын катарына киберкылмыштуулук, алдамчылык, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, мыйзамсыз миграция жана экстремизм кирет. Мындай коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүү өз ара ишенимге, урматтоого жана биргелешкен аракеттерге негизделген эл аралык кызматташтыксыз мүмкүн эмес», - деп белгиледи министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШ мейкиндигиндеги өз ара кызматташууну өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Улан Ниязбеков КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууда, ошондой эле укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоодо маанилүү аянтча болуп саналарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр кеңешменин катышуучуларына жогорку кесипкөйлүгү жана кызматтык милдетине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди, конструктивдүү диалогду жана мерчемделген демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышын каалады.

 

Последние новости