www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Нарын облусунун Эмгекчил айылындагы мал чарбаларды кыдырып, эпизоотиялык абал менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Министр оорулуу малды өзүнчө бөлүп кармоо жана оорунун жайылышына жол бербөө боюнча катуу эскертүү берди.

Ошондой эле жергиликтүү ветеринария кызматтарына калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, көйгөйлөрдү жеринде ыкчам чечүү жана тиешелүү чараларды көрүү боюнча конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.

 

Последние новости