www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 18-декабрында Кабул шаарында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев менен Афганистандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари жолугушту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Афганистандын ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектерин талкуулашты. Эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү максатында кыргыз тарап 2026-жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, афган тарап бул сунушту колдоду.
Өз кезегинде афган тарап транзит боюнча эки тараптуу макулдашуу түзүү сунуштады. Кыргыз тарап сунушталган макулдашуунун долбоорун белгиленген тартипте кароого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, кыргыз тарап жүк ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун зарылдыгына көңүл буруп, ошондой эле Афганистандын аймагы аркылуу Иран Ислам Республикасы жана Пакистан Ислам Республикасы багытында транзиттик ташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн министрликтеринин алдында биргелешкен автотранспорттук комиссия түзүү тууралуу макулдашууга келип, туруктуу диалогду сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти жана Кыргыз Республикасы менен Афганистандын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экенин билдиришти.

Последние новости