www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Акыйкатчы институтуна жаңы кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9 миллион сом Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү унаа сатып алууга бөлүнгөн. Аталган автоунаалар өлкөнүн 6 облусундагы Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.

«Бүгүн кызматтык автоунааларды алуу — бул борбордук аппаратта да, аймактарда да ишибизди күчөтүү үчүн маанилүү кадам. Бүгүн тапшырылып жаткан автотранспорт жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, көчмө иш-чараларды кеңейтүүгө жана өлкөнүн бардык аймагында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деди Акыйкатчы.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту аймактарда адам укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу максатында өз өкүлчүлүктөрүнүн иштөө шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда.

Бул багытта материалдык-техникалык база бекемделип, кеңселери оңдолуп, аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылууда.

Последние новости