www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын өкүлү Антье Граве менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен БУУ системасынын ортосундагы кызматташуунун жыйынтыктары жана келечеги, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүү багыттары талкууланды.

Э.А. Акунбеков БУУ менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтык түзүлгөндөн бери БУУ системасы өлкөгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканын, анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууну баса белгиледи. Министрлик жана Министрлер Кабинети БУУ агенттиктери менен тарыхый жана жемиштүү кызматташууну жогору баалайт. Бул кызматташуунун алкагында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл аймактарын өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын башкаруу, туруктуу суу пайдалануу, фермерлерди колдоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Министр ошондой эле БУУ менен өз ара аракеттенүүнүн аркасында Министрлик жогорку квалификациялуу эксперттик жана финансылык колдоого ээ болуп жатканын белгиледи. Э.А. Акунбеков бул жолугушуу кызматташууну тереңдетүү жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган жаңы демилгелерди баштоого шарт түзөрүнө ишеним билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары БУУ системасы менен өз ара аракеттенүү мындан ары да ырааттуу бекемделип, өлкө жана жарандар үчүн практикалык натыйжаларды алып келе турганын белгиледи.

Последние новости