www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Германиядагы Берлин шаарындагы Disgusting Food Museum музейинен табылган кымыз боюнча экспонат талкууланууда. Колдонуучу музейдеги экспозициянын сүрөтүн жарыялап, анда «жийиркеничтүү» деп саналган азыктардын арасында кымыз да бар экенин көрсөткөн.

Жарыянын авторунун айтымында, музейде өтө өзгөчө экспонаттар бар. Жаңы төрөлгөн чычкандардын, жыландардын настойкалары жана адамдарда жийиркенич жаратышы мүмкүн болгон башка азыктар. Ушунун фонунда салттуу кыргыз суусундугу болгон кымыздын тизмеге киргени конокторду таң калтырган.

Экспонаттын жанындагы тактайчада кымыз – бээнин сүтүнөн даярдалган ачытылган суусундук экени жана ал Борбор Азиядан келип чыкканы жазылган. Ал көчмөн элдер – казактар, кыргыздар жана монголдор арасында кеңири тараган, кийинчерээк Советтер Союзунда да популярдуу болгону белгиленген.

Ошондой эле анын даамы бир аз кычкыл болуп, йогурт менен сыранын же шампан менен каймактын аралашмасына окшош экени айтылган.

Мындан тышкары, кымызды даярдоо белгилүү бир чеберчиликти талап кылары, анткени ачуу процесси так көзөмөлдөнүшү керектиги баса белгиленген.

Бул жарыя социалдык тармак колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратты. Көптөр Борбор Азияда пайдалуу жана маданий мааниси чоң деп эсептелген салттуу суусундук эмне себептен “Жийиркеничтүү тамак-аш” музейине киргизилгенине суроо узатышууда.

Последние новости