www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 22-апрелде 13 жаштагы кыз тууганы тарабынан Дубайда сойкулукка тартылганын билдирген. Бул боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымат берди.
Тактап айтканда, Балыкчы шаарынын жашы жете элек тургуну 2024-жылы атасынын карындашы менен Дубайга барып, анын кийлигишүүсү менен денесине сексуалдык зыян келтирилгени 2025-жылы октябрда аныкталган.
"Баштапкы тергөө материалдарына ылайык, 2024-жылдын август айында өспүрүм кыз өзүнүн аталаш тууган эжеси, 2002-жылы туулган Ж.Р. менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына барган. Тергөөдө белгилүү болгондой, ал жакта Ж.Р. шарт түзүп, Б.М. аттуу жаран жашы жете элек кызга карата бир нече жолу жыныстык мүнөздөгү аракеттер жасалган. Соттук-медициналык экспертизанын 2025-жылдын 7-октябрындагы корутундусуна ылайык, өспүрүм кыздын денесине зыян келтирилгендиги тастыкталган", - деп билдирди Ысык-Көл милициясы.
Бул факты боюнча милиция 2025-жылдын 8-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") беренесинин 2-бөлүгү (балдарды пайдалануу менен жасалган кылмыш) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2002-жылы туулган Ж.Р. шектүү катары суралып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле анын аракеттеринде кылмыштын уланма мүнөзү бар экени аныкталган.
Мындан тышкары, Б.М. аттуу жаран кылмышын жашыруу максатында кызга уюлдук телефон, ноутбук жана зер буюмдарды берип, таасир этүүгө аракеттенгени аныкталган.
Кылмыш иши 29-декабрда Ысык-Көл облустук прокуратурасына, андан кийин соттун кароосуна жиберилген.
Б.М. аттуу жаранга карата материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси ("Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатканы кабарланды.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Дубайга сойкулукка тартылып, кийин өз өмүрүнө кол салганы айтылган 13 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлгө алууну бийликтен суранган.