www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда тышкы жана ички миграциялык агымдан улам 88 миң 64 бала жакындарынын колунда калган. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  социалдык кызматкерлер эмгек мигранттарынын балдарын, үй-бүлөлүк жана балдарга зордук-зомбулукту аныктоо үчүн 312 миңден ашуун үйдү кыдырган.

Кыдыруу учурунда 72 235 баланын ата-энеси чет өлкөдө экени, 15 829 бала ички мигранттардын балдары экени такталды. Ошондой эле алардан 24 бала зомбулукка кабылган. Алардын тогузу физикалык, сегизи сексуалдык, жетөө психологиялык зомбулукка кабылганын министрликтин кызматкерлери аныкташкан. Жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыктарында мигранттардын балдары каттоого алынып, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөргө жана мектептердеги соцпедагогдорго алар менен тыгыз иштешүү милдети тапшырылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости