www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында эс-учун жоготкон кызды көтөрүп келген жаран түнкү стационарлардын бирине кире албай тургандагы видеотасма социалдык тармактарда жарыяланган.

Тасмадан көрүнүп тургандай, эркек киши кызды көтөргөн бойдон стационардын эшигинин алдында турат. Ичиндегилер бейтапты кабыл алуу үчүн даярдык жоктугун айтышкан. Окуянын күбөлөрүнүн бири "эч нерсе даяр эмес болсо, эмнеге стационар ачып жатасыңар" деп айтып жатканын угууга болот.

Видеонун алдында жазылган маалыматка караганда, окуя кечээ болжол менен 20:45те орун алган. Анда стационардын ачылышына 15 мүнөт калганда ушундай окуя болгону жазылган.

Окуя тууралуу шаардык мэриядан төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Түн ичинде стационарда 161 адам кабыл алынды. Аталган окуя кечки саат 20:30 чамасында болгон. Ал учурда стационар катары колдонууга берген "Консул" ресторанынын ээси гана болгон. Ал эми дарыгерлер башка мейманканада нөөмөтүнүн алдында тамактанып жатышкан. Алар стационарга саат 20:50дө келишти. Жеке коргонуучу кийимдерин кийип 21:00дө ишке киришти. Саат 20:45те ал жерде эч кандай окуя жана даттануулар болгон эмес", - деди мэриядан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости