www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин бак-дарактарга өчү барбы, же аллергиясы кармап калабы, айтор, шаарды жылаңачтап бүтмөй болду. Канчалаган дарактар кыйылды. Жашыл шаар, какырган эле күн кактаган калаага айланып калмак болду.
Мына күн ысып, жай өз өкүмүн жүргүзө баштайт. Сугат суу менен камсыздоо канчалык ыраатуу жүргүзүлөт бул дагы чоң көйгөй. Айтор, чөлгө айланып калбасак эле болду. Калп да болсо вице-мэр кезинде Жамалбек Ырсалиев өтүк кийип, күрөк көтөрүп пиар кыла калчу эле, эми анын ордун баскан адам жок. Карааны көзгө урунбайт.
Баса, шаардагы тарыхый имараттарга карата мамиле дагы жүрөк өйүтөт. Жерине көз арткан саясат өкүм сүрүп жаткандай таасир калтырат. Эркин-Тоо басмаканасынын тагдырын бир катар тарыхый баалуулук болуп саналган имараттар кайталабаса болду. Сүрөтчүлөр союзунун чыркырап жатканы жөн эмес.
Чынын айтканда, Айбек Жунушалиев күпүлдөп иштеп жаткандай эле түр көрсөтүп жатат. Ырас, жасалып жаткан иштер да жок эмес. Бирок, шаар тургандары сүйүнүп колдоого алганы байкалбайт. Кыязы, кубаттоого алгыдай ишин жууп кетип жаткан иштери арбындай туюлат. Мунун бири жашыл шаардын кунары учуп, жылаңачтанып жатканы десек жарашат.
Баса, кыйылган дарактардын ордуна балаты тиккени кандай? Андан көрө, тез өсүп, арзан болгон павлония дарагын жапырт отургузуп койсо жакшы болмок.
Же болбосо балатыны тигип алып, Жаңы жылда “кичинекей балаты, үшүдү кышта” деп тегеренип ырдап жүрөбүзбү?