www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна 2026-жылдын 4-майынан 5-июнуна чейин Бөкөнбаев көчөсү Шопоков көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабыларын маалымдайт.

Авариялык-калыбына келтирүү иштеринин алкагында диаметри 300 мм болгон жылуулук тармагы алмаштырылат. 

Аталган тилкеде жайгашкан жылуулук тармактары 1984-жылдан бери пайдаланылып келе жатат, түтүктөрдүн эскиршине байланыштуу тармактарды жаңыртуу талап кылынат.

Башында иштерди автоунаалардын кыймылын жарым-жартылай чектөө менен жүргүзүү пландалган. Бирок иштердин жүрүшүндө топурактын көчүшү катталган. Буга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында жолдун жүрүүчү бөлүгүн толугу менен жабуу чечими кабыл алынды.

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен жол жүрүү каттамдарын алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

 

Последние новости