www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Турганбаев эки адамдын өлүмүнө качан жооп берет?

Ушул күндөрү Мелис Турганбаев спортту шылтоолоп, ар кандай мелдештерде жүрөт. Ага байланыштуу бир кайгылуу окуяны эске салалы. Министр кезинде курулай пиарды пайдаланып, Алтынбек Итибаевди террорист катары айыптап, “Достук” кичирайонунан аны жок кылуу операциясын жасайт.

Көп кабаттуу үйдөгү жашоочуларды толук чыгарбай эле аскерлерге буйрук берип, аткылатып кирет. А жердеги кошуна квартирадан кемпирге ок тийип каза болсо, дагы бир спецназ оор жаракатынан көз жумат.

Ошентип, шашылыш, сабатсыздыктын айынан жүргүзгөн ишинин ойрону чыгып, эки адам өлүп атпайбы! Эгерде Мелис Турганбаевден башка профессионал кадр министрликти башкарганда, мындай каргашалуу көрүнүш орун алмак эмес.

Алтынбек Итибаевди тирүү кармап, тийешелүү суроолорду берип, эгерде күнөөсү аныкталса, мыйзамга жараша жазасын алмак.

Тилекке каршы, Мелис Турганбаев жогору жактагылардын көзүн будамайлап, атын чыгаруу, мактануу таризиндеги жеңил-желпи операциясы трагедиялуу аяктаган. Агезде кызматынын күчүнө салып, жоопкерчиликке тартылбай, кутулуп кеткенин кантесиңер?

Булак: Азия News гезити

Последние новости