www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун аталышы өзгөрдү. Бул тууралуу Талан Мамытов билдирди.
Анын айтымында, топтун курамында өзгөрүү болду. Топко жаңы депутаттар кошулуп, курам жаңыланды. Ушуга байланыштуу айрым мүчөлөр учурдагы процесстерди чагылдырган жана ыңгайлуу аталыш коюу маселесин көтөрүштү.
«Бул сунуш колдоого ээ болуп, «Ынтымак» деген сөз кошулду», деди Мамытов.
Анын айтымында, маселе добушка коюлуп, жыйынтыгында депутаттык топтун аталышы «Ынтымак-Мекенчил» деп өзгөрдү.
Ошондой эле топтун лидерине кошумча орун басар шайланды. Депутат Шаирбек Ташиев орун басарлык кызматты улантат, ал эми экинчи орун басар болуп депутат Советбек Рустамбек уулу шайланды.