www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси – Адылбек Касымалиев «Guangdong Holdings Limited» кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды. «Guangdong Holdings Limited» холдингинин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы олуттуу потенциалын эске алуу менен гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системасын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жана холдингдин өкүлдөрү инвестициялык кызматташтык боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүшүүдө. Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун ишине маани берерин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган чет элдик инвестицияларды тартуу өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналарын баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы кытай корпорациясынын өкүлдөрү менен мындан ары да конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана инвестиция тармактарында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Последние новости