www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, айрыкча стоматология багытын аяктагандар, жумушка орношууда бир катар тоскоолдуктарга туш болуп жатканы айтылды.
Маалыматтарга ылайык, негизги көйгөйлөр мамлекеттик медициналык мекемелерде вакансиялардын жетишсиздиги жана жеке сектордо ишке орношууда коюлган кошумча талаптар менен байланыштуу.
Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Жылдыз Садырбаева мыйзамдын максаты туура экенин, бирок аны ишке ашырууда ийкемдүү механизмдер керектигин белгиледи.
Ал ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигин ар бир адистик боюнча эмгек рыногун жана кадрдык муктаждыкты жыл сайын талдап турууга чакырды.
Адистердин айтымында, медициналык кадрларды даярдоо менен иш менен камсыз кылуу ортосундагы тең салмактуулукту жакшыртуу — тармактагы негизги маселелердин бири бойдон калууда.