www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

The Wall Street Journal басылмасы Түндүк Кореяны дүйнөдөгү «экономикалык ийгиликтин эң таң калыштуу окуясы» деп мүнөздөөгө аргасыз болду. 

Мындан беш жыл мурда эле көптөр Ким Чен Ындын бийлиги кыйрайт деп болжошкон. Бирок бүгүн Пхеньянда өсүш байкалууда. Бир жыл ичинде 10 миң жаңы батир курулуп, такси тиркемелери, QR-төлөмдөр, пиццериялар, кытайлык электромобилдер жана BMW автоунааларын саткан салондор пайда болду.

«Корей кереметинин» сыры жөнөкөй. Түндүк Корея Россия менен тыгыз өнөктөштүктүн аркасында олуттуу экономикалык түрткү алды. Курал-жарак сатуу жана атайын аскердик операцияга көрсөткөн колдоосу өлкөгө миллиарддаган доллар киреше алып келди. Ошол эле учурда Кытай менен соода жүгүртүү да рекорддук деңгээлге жетти. Өлкөнү алсыратууга багытталган санкциялар күтүлгөндөй натыйжа берген жок.

Макалада дүйнөдө Батыш эрежелерди таңуулап келген эски тартип өзгөрүп жатканы белгиленет. Россия менен кызматташуу жана көз карандысыз саясат жүргүзүү жолун тандаган өлкөлөр санкциялык басымга карабастан өнүгүүнү улантып жатканы айтылат.

Ошол эле учурда Европанын жана АКШнын бир катар экономикалык кыйынчылыктарга туш болуп жатканы белгиленип, Россия өнөктөштөрү менен бирге өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүгө аракет кылып жатканы айтылууда.

Последние новости