www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун өткөн жылдагы жыйынтыктары боюнча кеңешмеде билдирди.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Нурланбек Атаназаров, Айбек Молдакунов, Айнаш Токбаева, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов,Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов, ошондой эле Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев жана жергиликтүү соттордун судьялары катышышты.

Төрага өз сөзүндө сот адилеттигинин сапаты, биринчи кезекте, ар бир судьянын кесипкөйлүгүнө, мыйзамды так жана бирдей колдонушуна, процессуалдык тартипти сактоосуна жана жогорку этикалык стандарттарды карманышына түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. Анын айтымында, сот актыларынын негиздүүлүгү, иштердин өз мөөнөтүндө каралышы, процесстердин ачык-айкындуулугу жана тараптарга болгон калыс мамиле — мунун баары коомдун сотко берген баасын аныктайт.

Мындан тышкары, аппарат кызматкерлеринин ролу да абдан маанилүү экенин айтты. Документ жүгүртүүнү туура жүргүзүү, процесстерди так уюштуруу жана жарандар менен мыйзам чегинде туура иш алып баруу — булардын ар бири соттун аброюна түз таасир этерин белгиледи. Ар бир кызматкер өз милдетин мамлекеттик маанидеги жоопкерчилик катары кабыл алышы керектигин эскертти.

Төрага бүгүнкү жолугушуу формалдуулук үчүн эмес экенин баса көрсөтүп, бул жыйын — жыйынтык чыгарып, кемчиликтерди жашырбай ачык айтууга жана мындан аркы ишмердүүлүктүн так багытын аныктоого берилген мүмкүнчүлүк экенин билдирди. Максат сындоо эмес, өнүктүрүү экенин, бирок талап жогору жана принципиалдуу болорун өзгөчө белгиледи.

Жыйында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев сот адилеттигинин сапаты боюнча баяндама жасады. Анын маалыматы боюнча, 2025-жылы апелляциялык тартипте 870 иш каралган. Анын ичинен 413 иш кассациялык тартипте даттанылып, алардын 312 же 75,54% күчүндө калтырылган.

Соттук тажрыйбаны жалпылоо боюнча, аталган аймакка методикалык жардам көрсөтүү максатында келген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Нурланбек Атаназаров, Айбек Молдакунов жана Айнаш Токбаева маалымат беришти.

Жогорку соттун Төрагасы судьялардын ишинин сапаты сот тутумуна болгон коомчулуктун ишениминин калыптанышында маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи. Төрага жогорку сапаттык көрсөткүчтөргө ээ болгон судьяларды өзгөчө белгилеп, ошол эле учурда көрсөткүчтөрү төмөн судьяларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын катуу эскертти. «Эгер иштер формалдуу түрдө, терең талдоосуз жана дыкат көңүл бурулбастан каралса, жарандар биздин сотторго кантип ишенет?» — деди Төрага, ар бир шалаакылык же үстүртөн болгон чечим бүткүл сот корпусунун аброюна доо кетирерин айтты.

Мындан тышкары, соттук тажрыйбаны жалпылаштыруу, аны үзгүлтүксүз анализдөө жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу күчөтүлүүсү тапшырылды.

Мындан тышкары, Медербек Сатыев өткөн жылы Жогорку сот калк менен кайтарым байланыштын жаңы механизмин ишке киргизгенин белгиледи. Анын алкагында аймактардагы сот имараттарына QR-коддору бар стенддер орнотулуп, жарандарга судьялар жана аппарат кызматкерлери менен болгон өз ара аракеттенүүнү, сот процесстеринин жүрүшүн баалоого жана өз пикирлерин калтырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жогорку соттун Төрагасы билдиргендей, QR-код системасы аркылуу соттордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарандардан көптөгөн кайрылуулар жана сын-пикирлер келип түшкөн. Алардын мазмунунда мыйзамдуулукту сактоо, сот чечимдеринин сапаты, судьялар менен аппарат кызматкерлеринин сылык мамилеси жана тараптардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу маселелери көтөрүлгөн.

Ошондой эле кайрылууларда адвокатсыз даттануу жол-жобосунун татаалдыгы, жөнөкөй жарандар үчүн соттук коргоонун жеткиликтүүлүгүнүн жетишсиздиги жана тараптарды тийиштүү түрдө кабардар кылбастан иштерди кароо учурлары белгиленген.

Айрым сын-пикирлер сот имараттарынын материалдык-техникалык абалына байланыштуу болгон: оңдоо иштеринин зарылдыгы, санитардык шарттарды жакшыртуу, жарандар үчүн күтүү жайларын кеңейтүү, сот залдарын үчүнчү жактар үчүн кошумча столдор менен камсыз кылуу жана заман талабына ылайык техникалык каражаттар менен жабдуу маселелери көрсөтүлгөн.

Сын-пикирлер менен катар айрым судьялардын ишмердүүлүгүнө карата оң баалар да айтылып, жарандар тарабынан өз убагында жана адилеттүү чечим чыгаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирилген.

Төрага Ысык-Көл облусу боюнча түшкөн жарандардын сын-пикирлерине өзгөчө көңүл буруп, аныкталган кемчиликтерди ыкчам жоюуну тапшырды.

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө башка да маанилүү маселелер каралды. Анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалардын ишмердүүлүгү, жер тилкелери боюнча маселелер, жергиликтүү соттордун имараттарын оңдоо, курулуш жана материалдык-техникалык камсыздоо, кадрдык иштер жана кадр саясаты, ошондой эле сот аткаруучуларынын ишмердүүлүгү талкууланды.

Жогорку соттун Төрагасы өлкө башчынын жүргүзүп жаткан саясаты — ачыктык, тартип жана коррупцияга каршы күрөш экендигин кошумчалады. Бул талап сот тутумуна да толук тиешелүү. Андыктан, эч ким мыйзамдан жогору эмес. Мыйзам бузуу фактылары аныкталса, тиешелүү укуктук баа бериле тургандыгын билдирди.

Последние новости