www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев 5-март Кыргыз Республикасынын сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйында билдирди.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку жана Конституциялык соттордун жана жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле Аппарат кызматкерлери катышты.
Төрага өз сөзүндө сот реформасынын алкагында сот тутумунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, көз карандысыздыгын бекемдөө жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында жаңы мыйзамдар кабыл алынып, иштин сапатына өтүүгө багытталган аракеттер кызуу жүрүп жаткандыгын айтты. Сот системасын каржылоо жылдан жылга көбөйүп, айлык-маяна жогорулап, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга багытталган иш-чаралар күчөтүлдү. Мамлекет жеткиликтүү жана ачык сот тартибин бекемдөө багытында ар тараптуу колдоо көрсөтүп, соттордун натыйжалуу иштешине шарттар түзүлүп жаткандыгын белгиледи.
“Сот реформасынын алкагында мыйзамдык базаны өркүндөтүү, Пленум токтомдорун жаңылоо, санариптештирүү иштерин күчөтүү, сот отурумдарын онлайн көрсөтүүгө даярдык көрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана кадр саясатын жаңылоо боюнча олуттуу кадамдар жасалды. Сот имараттары жаңыланып, материалдык-техникалык база чыңдалып, судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Бул иштердин баарынын түпкү максаты — адилеттүү, ачык жана элге жеткиликтүү сот тутумун калыптандыруу.
Алдыдагы милдеттер дагы чоң. Жаңы Сот адилет үйлөрүнүн курулушу, санариптик долбоорлорду толук ишке киргизүү, сот адилеттигинин сапатын мындан ары да жогорулатуу, кадрларды кесиптик баалоо жана резерв системасын өркүндөтүү иштерин улантабыз. Эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, улуттук сот тутумунун аброюн дагы да жогорулатууга умтулабыз.
Бирок кандай гана реформа болбосун, анын ийгилиги адам факторуна — сиздердин жоопкерчилигиңиздерге, кесипкөйлүгүңүздөргө жана абийириңиздерге байланыштуу. Ар бир чечимди кабыл алууда мыйзамдуулукту, адилеттикти жана адам тагдырына болгон жоопкерчиликти биринчи орунга коюу биздин башкы милдетибиз.
Сот адилеттиги — бул жөн гана укуктук процесс эмес. Бул — коомдун ишенимин сактоо, ар бир жарандын укугун коргоо, мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылуу. Биз элдин ишенимин актаганда гана күчтүү жана көз карандысыз сот тутумун кура алабыз.”, - деп билдирди Медербек Сатыев.
Иш чаранын алкагында Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов 5-март – Сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоо сөзүн айтып, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2025-жылдын 6-августундагы Жарлыгы менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин элдеринин ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Евразия экономикалык сотунун Төрагасынын мурдагы орун басары Ажибраимова Айжамал Мусуратбековнага Достук орденин тапшырды.
Ошондой эле Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев кесиптик майрамга байланыштуу сот тутумунун кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырып, алардын эмгегине жогору баа берди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова дагы сот кызматкерлерине аталган кеңештин атынан сыйлыктарды тапшырды.
Төрага сыйлыкка ээ болгон кызматкерлерди дагы бир жолу куттуктап, бул сыйлыктар ар бирине жаңы дем, жаңы жоопкерчилик берерине ишенимин билдирди. Ошондой эле ал жалпы жамаатка кайрылып, адилеттүүлүк жолунан тайбай, мыйзам үстөмдүгүн бекем сактап, ак ниет эмгек менен сот тутумунун кадыр-баркын мындан ары да көтөрүүгө чакырды.
Ал өз сөзүндө эл арасында айтылган «Кара кылды как жарган калыс» деген макалды эске салып, ошол ишенимге татыктуу болуу ар бир судьянын жана сот кызматкеринин күнүмдүк милдети экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда ал бардык катышуучуларга бекем ден соолук, иштерине ийгилик, үй-бүлөлөрүнө тынчтык жана бакубатчылык каалады.