www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Сапардын негизги максаты жаңы имараттардын курулушунун жүрүшү менен таанышуу жана медициналык мекемелердин алдында турган материалдык-техникалык маселелерди чечүү болду.

Алгач Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборуна баоды. Адылбек Касымалиевге борбордун жаңы, заманбап имаратынын курулуш долбоору тааныштырылды. МинКаб Төрагасы улуттун репродуктивдүү ден соолугун коргоо стратегиялык артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Тиешелүү министрликтерге долбоордук-сметалык документтерди тез арада бүтүрүү жана долбоорду баштоо үчүн каржылоо булактарын аныктоо тапшырмасы берилди.

Өзгөчө көңүл Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына бурулду. Текшерүү учурунда МинКаб Төрагасы оорукананын ишин жакшыртууга багытталган жаңы тез жардам имаратынын курулушу кечеңдеп жатканын сынга алды.

"Саламаттыкты сактоо мекемелеринин, өзгөчө балдар мекемелеринин ишинин кечиктирилишине жол берилбейт. Бул биздин балдардын коопсуздугу жана өмүрү үчүн. Ушул жылдын июнь айына чейин курулуш толугу менен бүткөрүлүшү керек. Мен өзүм келип, иштин жүрүшү менен таанышам. Эгерде өз мөөнөтүндө бүткөрүлбөсө чара көрүлөт", - деди Адылбек Касымалиев.

Объекттин бүткөрүлүшүн жеке көзөмөлгө алуу Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевге тапшырылды. Ага курулуштун сапатына жана иштин темпине күнүнө көзөмөл жүргүзүп туруу тапшырылды.

Бишкек шаардык № 2 көп тармактуу клиникалык ооруканасына барганда бир катар системалуу көйгөйлөр айтылды. Кээ бир блоктордун курулушу 2022-жылы дээрлик аяктаганына карабастан, керектүү медициналык жабдуулардын жетишсиздигинен объекттер дагы деле толук кандуу иштей элек. Медициналык мекемелерди борбор калаанын мэриясынан Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берүү учурунда абал татаалдашкан.

Адылбек Касымалиев Саламаттыкты сактоо министрлигине, Финансы министрлигине оорукананы медициналык жабдуулар менен камсыздоо боюнча сунуштарды тез арада киргизүүнү жана ушул жылдын апрель айына чейин бардык иштерди толук бүткөрүүнү тапшырды. МинКаб Төрагасы бул тапшырманын белгиленген мөөнөттө аткарылышын жеке өзү көзөмөлдөй турганын белгиледи.

Медициналык объекттердин абалы менен таанышуу иштери Э. Акрамов атындагы Чүй облустук бириккен ооруканасында да болду. Бул мекеме аймакта эң көп бейтаптарды кабыл алган мекемелердин бири, мында жылына 18 000ге чейин бейтаптарды дарыланат, 6 000ге жакын операция жасалат жана 6 000ге чейин төрөт кабыл алынат.

Адылбек Касымалиев Саламаттыкты сактоо министрлигине жана тиешелүү мекемелерге оорукананын бардык кызматтарын бирдиктүү, заманбап медициналык кластерге бириктирүү үчүн Чүй облустук бириккен ооруканасынын базасында жаңы имарат куруу маселесин карап чыгууну тапшырды.

Медициналык объекттерден кабар алуунун жыйынтыгында тиешелүү ведомстволорго жана Бишкек шаарынын мэриясына аныкталган көйгөйлөрдү тез арада чечүү жана саламаттыкты сактоо тармагын модернизациялоо боюнча аракеттерди координациялоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Последние новости