www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдык мааракеси менен куттуктап: «Бул маараке жөн гана датаны белгилөө эмес, бул өлкөбүздүн жаштар саясатынын калыптанышындагы, жарандык активдүүлүктүн жогорулашындагы жана жаңы муун лидерлеринин өсүп-өнүгүүсүндөгү маанилүү этапты жыйынтыктаган өзгөчө күн», – деди.

Мындан тышкары, Медербек Алиев Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Жаштар кеңешинин түзүлгөндүгү тууралуу кеп кылып: «Бул жаңы институт жаштар менен парламенттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү системдүү нукка салып, жаштардын сунуш-пикирлерин мыйзам чыгаруу процессине киргизүүгө, алардын демилгелерин колдоого жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда жаш муундун катышуусун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт», – деди.

Жыйынтыгында Медербек Алиев жаштарды активдүү болууга чакырып: «Өлкөбүздүн бүгүнкү күнү гана эмес, эртеңки келечеги да сиздердин колуңуздарда. Мамлекет сиздерге чоң үмүт артып келет. Ал эми силердин милдет – ошол ишенимди актоо, коомдун кызыкчылыгын коргоо жана өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуу», – деп белгиледи.

 

Последние новости