www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы мечиттердин биринде жума намаз маалында жардыруу болуп, андан кеминде төрт адамдын өмүрү кыйылды. Дагы бир топ адам жараат алганын Ооганстандын Ички иштер министрлиги 12-июнда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Шир Шах-и-Сури мечитинин ичине коюлган жардыруучу заттар жума намазы маалында жарылып кетти", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Жардыруудан Кабулдун батышындагы бул мечиттин имамы да каза тапканы белгилүү болду. Азырынча чабуулга жоопкерчиликти эч бир куралдуу топ моюнуна ала элек.

Бир нече күн мурда АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад Вашингтон менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн  аймакка барып кеткен.

Келишимге ылайык, ооган өкмөтү менен талибдер туткундарын алмашып, андан соң өлкөдөгү 18 жылдан ашкан согушту токтотуу үчүн оогандардын ички диалогун башташы керек. АКШ келишимдин шарттары аткарылса, Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетмей болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости