www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Н.Т. Чегирткеев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Афганистан, Борбор Азия, Иран жана Пакистан боюнча аймактык өкүлү Оливер Штольпе мырза менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыктарын жана бажы органдарынын дараметин чыңдоо, ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыздоо багытындагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
МБК төрагасынын орун басары аймактык өкүл Оливер Штольпе мырзага жана БУУ БКБ өкүлдөрүнө көрсөткөн колдоосу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Биргелешкен иштердин жыйынтыктары белгиленип, анын ичинде «Манас» эл аралык аэропортунда порттук көзөмөл тобун түзүү, эл аралык тренингдердин өткөрүү, тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруу, ошондой эле Улуттук таргеттөө борборун түзүү демилгесин алдыга жылдыруу жетишкендиктери көрсөтүлдү.
Тобокелдиктерди талдоо системасын өркүндөтүү, кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.