www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык жүк ташууларды жүргүзгөн ташуучуларды Россиянын акы төлөнүүчү жолдорунда жүрүү акысын төлөөгө көзөмөл жүргүзүүнүн жаңы тартиби тууралуу эскертти.
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Россиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери аркылуу акы төлөнүүчү жолдордо жүрүү акысынын төлөнгөнүн автоматтык түрдө текшере баштайт. Маалымат Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система жана Мамлекеттик жана муниципалдык төлөмдөрдүн мамлекеттик маалыматтык системасы (ГИС ГМП) аркылуу алынат.
Эгер транспорт каражаты боюнча карыз аныкталса, система анын андан ары жүрүүсүнө тыюу салуу чечимин автоматтык түрдө түзөт. Жүк ташуучу унаанын жүрүүсүнө карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин гана уруксат берилет.
МБК ташуучуларга Россиянын акы төлөнүүчү жолдорунда жүрүү акысын алдын ала төлөп, карыздын бар-жогун текшерүүнү сунуштайт. Бул эл аралык ташуулар учурунда күтүлбөгөн кечигүүлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик бажы кызматы ташуучуларды маршруттарды пландаштырууда жаңы талаптарды эске алууга чакырды.