www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кийинки жылы РФте 400 миңден ашык чет элдик студент билим ала турганын айтты.

Ал КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын сессиясында сүйлөгөн.

Матвиенконун айтымында, студенттерди окуу жайга кабыл алууда КМШ өлкөлөрүнөн баргандарга артыкчылык берилет.

"Жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн студенттери үчүн мамлекеттик стипендиялардын санын көбөйтүп жатабыз. Сиздердин мамлекеттерде орус тилине сый-урмат менен жасалып жаткан мамилени жогору баалайбыз. Дүйнөдө 255 миллион адам орус тилинде сүйлөйт. Акыркы 30 жылда ар кандай себептер менен орус тилдүүлөр азайды. Бул маданий диалогдун мейкиндигин тарытууда. Муну моюнга алып, мындай жаман тенденцияны кыскартуу үчүн болгон аракетти жумшаш керек. Бүгүнкү күндө Россия чет элдик студенттердин саны боюнча алдыңкы он өлкөнүн катарына кирет", — деген ал.

Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, жыл сайын Кыргызстандын 3 миңге жакын жараны РФтин жогорку окуу жайларын бүтүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости