www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Масалиев Мадумаровду боштондукка чыгарууну талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев парламенттин 3-апрелдеги отурумунда фракциянын атынан сөз сүйлөдү. Ал фракциянын лидери, учурда абакта жаткан Адахан Мадумаровго соттун чечими чыкса да, боштондукка чыгарылбай жатканын сындады.

"Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткен деген себеп менен жаза мөөнөтүн чегерген жок. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калат деп койду. Бирок мыйзам деген бар да. Мыйзам боюнча айыпталуучунун иши кыскарып, жаза колдонбосо, эркиндикке чыгыш керек. Сот болсо күчүнө кирмейинче чыкпайт деп жатат. Демек бул сот мыйзамды окуган да, аткарган да эмес. Бул мыйзамды, бийликти сыйлабагандык. Президент жана башка жогорку бийликтегилер Мадумаровго алдын ала эле өкүм чыгарып, "чыккынчы, кылмышкер" деп койгон. Ошондуктан, сот мыйзамдуу чечим чыгара албай отурат", - деди Исхак Масалиев.

Депутат сөзүндө акыркы убактарда саясий жана башка турдүү себептер менен Жогорку Кеңештин он чакты депутаты мандатын тапшырганын сындап, парламент бийлик органы катары күчүн жоготуп жатканын эскерте кетти.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго чечим чыгарып, аны иш боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргиче Мадумаров абакта калган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Адахан Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда кармаган. Ошондон бери ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат. Депутат өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтаруу өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев шек саналып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости