www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атазовдун мандаты боюнча сот чечими 5-апрелде чыгат

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу Абдурахман Муртазалиевдин жактоочулары ырастады. Жараянда тараптар өз жүйөлөрүн келтирип, сот чечими 5-апрелде чыгарылмай болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Сот чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахман Муртазалиевге берилет.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимовго эл аралык издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

УКМК Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалганын билдирген. Алар 26-мартта Бишкекке алып келинип, камалды.

15-февралда жергиликтүү Region телеканалында депутаттар Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Алардын издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.

22-февралда анын бир тууганы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун расмий кабарлаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости