www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев ТүркПАнын Башкы катчысы Рамил Хасанды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Төрага Марлен Маматалиев парламенттик дипломатия аркылуу боордош элдердин алакасын чыңдоо учур талабы экенин белгилеп: “Андыктан Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы да бардык түрк мамлекеттеринин парламенттери менен тыгыз кызматташып, Ассамблеянын алкагындагы биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди.

Ошондой эле быйыл күздө ТүркПАнын кезектеги пленардык жыйыны Кыргызстанда өтөрүн эске салган Төрага: “Анда алакаларды ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сүйлөшүүлөр жүрүп, тектеш элдердин кызматташтыгын тереңдетүүгө арналган макулдашууларга жетишебиз деген терең ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

Алсак, ТүркПА 2008-жылы түзүлүп, ага Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттери мүчөлүк кылат. Ал эми иш-чараларына Венгриянын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын парламенттеринин өкүлдөрү активдүү катышып келет.

ТүркПАнын Башкы катчысы Рамил Хасан бирикменин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор, алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берип, быйыл Кыргызстанда өтө турган жыйынга олуттуу даярдыктар жүргүзүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринин жакында боло турган бейрасмий жолугушуусу тууралуу сөз кылып, анда карала турган маселелерге да учкай токтолду.

Муну менен катар баарлашууда Ассамблеянын башка парламенттик уюмдар менен өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселеси да көтөрүлүп, чөлкөмдөгү эле эмес, Европа жана Латын Америкадагы парламенттер аралык бирикмелер менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Последние новости