www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 13-марттан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорт кыймылы убактылуу жабылат.

Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.

Белгилей кетсек, жүргүзүлүп жаткан иштер жол тармагын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана жол инфраструктурасын жаңылоого багытталган.

Урматтуу шаар тургундары! Жол оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.

Последние новости