www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев менен өкмөттүн антикризистик программасы жана экономика тууралуу баарлаштык.

--Марлен, мырза, өкмөт токтомду Казакстандан көчүрүп алган деген пикирге кошуласызбы?

--Өкмөт Казакстандан сөзмө сөз көчүрүп алды дегенден алысмын. Бирок, терминдер ошол жактан көчүрүп алганга окшоп турганы чындык. Бирок, өкмөттөгүлөр гугулдан которулган боюнча сайтка илинип калыптыр деп түшүндүрүүгө аракет кылып, актанып жатышат. Ошон үчүн  аныгын биле алган жокпуз.

Негизи Өкмөт үчүн мындай нерселер уят иш болот. Мындан кийин мындай каталыкка жол бербеши керек.

--Өкмөттүн антикризстик программасы мамлекетти кризистен чыгарат деп ишеним артсак болобу?

--Бул өкмөт укмуштуудай программа түзүп, мамлекетти кризистен чыгарып кетээрине анчалык деле ишене бербейм. Анткени, Премьер-министр парламентке келгенде “Германиянын тажрыйбасын алдык” деди. Германиянын тажрыйбасын алгыдай биздин экономикабыз Европаныкына окшош беле? Алардагы кырдаал менен биздеги кырдаалдын айырмасы асман менен жердей го. Алардын антикризистик программасын алган күндө да Кыргызстанды кризистен чыгарууга канчалык деңгээлде пайдасы тийерин Кудай билет. Айтайын дегеним, бул жерде биздин экономикабызга ылайык өзүбүз иштеп чыккан, антикризистик программабыз болушу шарт. Ушундай кырдаалда биздин мамлекеттин өзүнүн жеке программасы, позициябыз жок болсо, башка жактан көчүрүп алууга аргасыз болуп  жатса, маселе өкмөттүн сапатында болуп жатканын түшүнүшүбүз керек. Күнү-түнү иштеп реформаларды жүргүзүш керек. Эгер иштей албаса анда ачык айтып, өзүн да элди да кыйнабай кетиш керек.

--Кыргызстанда кризистен чыга турган тажрыйба барбы?

--Бар. Айтайын дегеним, 2008-2009-жылы финансылык кризис болгондо андан чыга турган бир топ программаларыбыз бар болчу. Ал кризис менен азыркы кризистин экономикалык жактан анча деле айырмасы жок

Бир заматта эле нан беш сомдон 10 сомго көтөрүлүп, кымбатчылык болгон. Көп министрлер кызматтан алынган. Ошондо да абалды эпке келтирип, маселени чечишкен. Бул өкмөт ошондой программаларды түзүп, элди каатчылыктан сактап калышы керек. Же убакытты созбой кетиши керек..

--Коронавирустун айынан кыйрап калган экономикабызды канча убакытты калыбына келтирсек болот?

--Адамдын коронавируска чалдыкканын же чалдыкпаганын тест менен тез эле билип койсо болот экен. Экономиканыкы тилекке каршы андай эмес. Анда катмарлар болгондуктан өсүү процессине алып келиш  үчүн  да жок эле дегенде  3-4 ай убакыт кетет. Кризистен  чыгууга деле андан кем эмес убакыт коройт. Айрым тармактар 4 ай эмес, бир  жылда барып араң калыбына келет. 1-майдан баарын жандандырдык дешкени менен ишкананын баары эле ошол замат иштеп, жанданып кетпейт. Экономиканы машиненин скоростуна салыштырсак болот. Айтайын дегеним, машинеде ылдамдыгына жараша биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү скорость болгондой экономикада да так ошондой катмарлар болот. Ошол катмардын баары баштагы калыбына келгенче бир топ убакыт керектелет. Бул биринчиси. Экинчиси, мамлекеттин жоготуулары азыр 10 миллиард деп айтылып жатса, ал 30 миллиардга чейин барат. Аны жабуу маселеси жаралат. Аны жабуу үчүн булактарды издешет. Кыскасы, сырттан келген, финансылык институттардан алынган каражаттар артса, медиктерге, коронавирус менен күрөшкөн кызматкерлерге, бизнести өнүктүрүүгө жумшайт деген ойдон алысмын. Сырттан келген каражаттарды бюджеттин жыртык-тешигин бүтөөгө аракет кылышат. 

--Ишкерлер да мамлекеттин колдоосуна муктаж болуп калды го. Каражат болбосо, алардын абалы кандай болот?

--Менимче россия-кыргыз өнүгүү фондунан кичи жана орто бизнестерге колдоо болушу керек. Анткени,  бизнестерге мамлекеттен колдоо болбосо кыйын болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости