www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү август айына чейин узартылды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Казакстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын алдындагы Уюштуруу жана мобилизациялоо департаментинин башчысы Сакен Жусуповдун айтымында, азыр медициналык жана аскерге чакыруу комиссияларынын иши токтоп турат. «Жарандарды аскерге чакыруу өлкөдө өзгөчө абал режими алынгандан кийин башталып, 31-августка чейин созулат. Өзгөчө абал алынса, 2019-жылы аскерге чакырылган жоокерлер үйлөрүнө 30-июнга чейин жөнөтүлөт», — деди Жусупов.

Марттын аягында Казакстан коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу жазгы аскерге чакыруу өнөктүгүн убактылуу токтоткон. Өлкөдө 16-мартта өзгөчө абал режими киргизилип, өткөн жумада 11-майга чейин узартылган.

2-апрелде Касым-Жомарт Токаев Куралдуу күчтөрдүн аймактык бөлүктөрүн толуктоо максатында «Атайын аскерге чакыруу тууралуу» жарлыкка кол койгон. Жергиликтүү активисттер муну интернетте саясий талаптарды айта баштаган жаштарды токтотуу аракети катары баалап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости