www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы мектеп директорлору менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залында өткөн жолугушууда 1-мартта баштала турган “Таза шаар” сынагы тууралуу маалымат берилип, бир айга созула турган өнөктүктү жеңген мектептерге чоң сыйлыктар каралганы айтылды.

Төрага Марлен Маматалиев долбоордун маанилүүлүгүнө токтолуп: “Соңку жылдары өлкө башчыбыз Садыр Жапаров тарабынан экологияны коргоо, климаттын өзгөрүүсүн жөнгө салуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү жаатында олуттуу демилгелер көтөрүлүп, көптөгөн иш-чаралар уюштурулууда. Бул “Таза шаар” сынагы да ошол демилгелердин уландысы катары борбор калаабыздын экологиясын жакшыртууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди. 

Ошондой эле агартуу тармагын өнүктүрүү жаатындагы ойлору менен да бөлүшкөн Төрага: “Буйруса быйыл айлыгыңыздар дагы көтөрүлгөнү турат. Бирок бул чек эмес. Агартуучуларга ар тараптан колдоо иштери дагы уланат. Айрыкча Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана мугалимдерге түзүлгөн шарт-жагдайды жакшыртууга багытталган мыйзамдык базаны чыңдоо үчүн керектүү иштерди алып барып, зарыл болгон бардык демилгелерди колдой беребиз. Себеби, тиешелүү мыйзамдарга заман талабына жараша керектүү өзгөртүүлөрдү киргизишибиз кажет”, – деп кошумчалады.   

Мындан тышкары, мектеп окуучулары арасында катталып жаткан айрым жосунсуз жоруктарга токтолуп, буга мугалимди эле күнөөлө туура эмес экенин баса белгилеген Төрага: “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” – дегендей, келечек ээлери алгачкы таалим-тарбияны үй-бүлөдөн аларын унутпашыбыз керек. Эгер тарбия ишинде ата-эне, мугалим жана коом бирдей аракет кылып, бири-бирин толуктап турса мыкты балдар өсүп чыгары анык”, – деди.  

Муну менен катар “Таза шаар” сынагына катышып жаткан бардык мектептерге ийгиликтерди каалаган Марлен Маматалиев: “Бул сынак калаабыздын гана тазалыгына салым кошпостон, келечек ээлерин мекенчилдикке, тазалыкка тарбиялап, экологиялык маселелерге астейдил көңүл бурууга чакырат. Эмгек балдардын келечегине пайдубал болуп, коом алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошондуктан, мындай демилгелер башка аймактарда да уланып, өлкөбүздү жашыл, таза мамлекетке айлантышыбыз керек. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деп улуу көсөм, Исхак Раззаков атабыз айткандай, ар бирибиз экологияга кам көрүп, жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу”, – деди.

Алсак, пластикалык калдыктарды чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлөт. Эң көп көлөмдө пластикалык калдыктарды чогулткан мектеп сынактын жеңүүчүсү деп табылат. Эскерте кетсек, аталган долбоор Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Кыргызстан Кызыл Жарым Ай Коомунун көмөгү менен ишке ашырылганы турат. Өз кезегинде Төрага Марлен Маматалиев да резервдик фондунан каржылык жардам көрсөтөрүн билдирди. 

Последние новости