www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев катышкан аудиожазуу тарады. Ага байланыштуу ар кандай божомолдор жана саясий версиялар пайда болду.

Төрөбаев 24.kg агенттигине комментарий берип, жазуунун чындыгын тастыктады. Бирок аудиодогу талкуу толугу менен үй-бүлөлүк жана жеке маселелерге байланыштуу болгонун, мамлекеттик иштерге эч тиешеси жок экенин белгиледи.

Анын айтымында, аудиодогу сөз Эркин Төрөбаев тууралуу болгон. Ал анын жакын тууганынын уулу. Сүйлөшүү Манастагы "Барселона" футбол клубунун жанындагы жер участогун сатылышы тууралуу болгон.

- Мурда Камчыбек Кыдыршаевич тууганынын участогунун баасын талкуулай алабызбы деп сураган. Мен жөн гана агамдан тараптарды байланыштырууну сурандым. Андан кийин ал маселе менен алектенген эмесмин. Бул жөн эле үй-бүлөлүк сүйлөшүү, саясат менен эч кандай байланышы жок. Анда жок нерсени издебеңиздер, - деди Төрөбаев.

Ал ошондой эле, баа боюнча сүйлөшүүлөргө катышпаганын жана келишимдин жүрүшүнө кызыкпаганын айтты. Мындан улам, бул жагдайды өй-бүлөлүк сүйлөшүүнү саясий окуя катары көрсөтүүгө болгон “спекуляция жана фактыларды бурмалоо” экенин кошумчалады.

Последние новости