www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.
Марлен Маматалиев өз сөзүндө кыргыз-казак элдеринин кылымдардан бери калыптанган достук мамилелерин мындан ары да өнүктүрүү учур талабы экенин белгиледи. Ал мамлекет башчылары да бул багыттагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, парламенттер да өз ыйгарым укуктарынын алкагында активдүү иш алып баруусу зарылдыгын кошумчалады.
Ошондой эле ал Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, Казакстандагы жаңыланууларды да жогору бааларын билдирди.
Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да көтөрүлүп, быйыл Кыргызстанда Парламенттер аралык кеңештин IV жыйыны өтөрү белгиленди.
Эки тарап соода-экономикалык байланыштар боюнча да пикир алмашышты.
Өткөн жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 26,8% өсүп, 2 млрд АКШ долларына жакындаганы айтылды.
Ерлан Кошанов өз кезегинде бул сапар парламенттер аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болорун белгилеп, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогору баасын берди.
Жолугушууда ошондой эле суу ресурстары, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтык, чек ара өткөрмө жайларын жакшыртуу жана туристтик багыттарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Анын ичинде Алматы–Ысык-Көл жөө туризм каттамын өнүктүрүү демилгеси да каралды.
Тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү максатында да пикир алышып, Марлен Маматалиев Казакстан тарапты VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.
Жолугушуу достук маанайда өтүп, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө даярдык тастыкталды.