www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Кыргыз-грузин Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи жыйыны өтүп, 10 жылдык тыныгуудан кийин анын ишмердүүлүгү кайра жанданды.
Жыйынды Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министри Мариам Квривишвили жетектеди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, туристтик, агроөнөр жай жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Талкуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган практикалык чараларды камтыган протоколго кол коюлду.
Тараптар жетишилген макулдашуулар өз ара сооданын өсүшүнө, инвестициялардын көбөйүшүнө жана биргелешкен долбоорлордун кеңейишине өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.