www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тасма тар коктуда тартылган. Кең Талас, жайык талаа, айтылуу Букар, Букардын эрме чөлү жок. Масштаб жок. Тасманын кульминациясы болчу Тайторунун чабышы дагы такыр окшошкон эмес. Мындай пикирин журналист Марат Тагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Так мураскери жөнүндө эки-ооз сөз...

Мен киносынчы же бул тармакты жакшы түшүнгөн адис эмесмин. Жөн гана көрүүчү катары оюм.

Кыргыз баласы батышы Букар чыгышы Бээжин, түндүгү Алтай, түштүгү Тибетке чейинки Евразия жайык талааларын тарыхтын жели менен сыдырып өтүп, көз алдына Чыңгыз хан, Аксак Темирдин даңазалуу доорунан кем эмес заманды элестеткен эпостун бөлүгү бир кокту баатырынын деңгээлине тыгылган.

Сюжет Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» пьесасы. Сценаристтер ыр менен айтылган диалогду кара сөзгө түшүрүүдөн дагы ээрингендей. Драма жалпыбызга тааныш болгондуктан анын маанисине токтолуунун кажети жок болсо керек.

Тасманын башталышы «Курманжан датка» тасмасындагы Кыргыз каганаты картадан быркырап ураганын туурап башталган. Ал картаны ташка же күмүш түскө айлантып, мээнет кылып отурбай эле ножница менен кесип туруп коюп койгондой...

Актердук курам менин көз карашымда туура эмес тандалган.

Семетейдин ролун аткарган баладан Семетейди кой, катардагы кинонун баш каарманынын ролун аткарчу бир дагы параметрди көрө алган жокмун.

Кыргылчалдын ролун таланттуу актер Жолдошбек Жанжигитов ойноптур. Бирок анын дагы турушу кырктын башы эмес эле, жаш нөөкөр жигиттей. Кийген кийими кырк чорону башкарган, керек болсо Манастан тизгин талашам деген интригандын эмес, жоокердин кийими.

Коңурбайдын образы Манастын башын жуткан, каардуу, ырайымсыз, куу, орусча айтканда мрачный эмес, катардагы бир жайсаңга окшошуп калган. Бир маалда баш кийимин чечкен жери бар экен. Төбөсүндө өрүлгөн ичке чачы да жок.

Көбөш хан Манастын тактысында отурам деген боз үйдү Манастын боз үйү дегенге ооз барбайт. Тактыга жакшы жуулбай ашталган жүндүү көрпөчө менен, метис койдун көрпөчөсү илинип турат. Жерде боз үйдү толук жапкан шырдак же килем жок. Таардын үстүнө кийизден жасалган ичке дорожкаларды таштап койгон.

Кан Кошойго кандагай шым тигип, билги экенин билдирген, колунан көөрү төгүлгөн уз, баатырлардын бою-башына, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктап эл намысы үчүн жоодо кийилүүчү ок өткүс кийим тигип, курал-жарагын алдын ала даярдаган кайран катын Каныкейдин өргөөсүн көрүп бир уяласың. Жерде шырдак болсо да жакшы эмеспи, ар жерге ташталган ала кийиз. Боз үйү хан Манастын каныкесиники эмес, кадимки кичинекей боз үй.

Көбөш Манастын ордосун талап өрттөгөндө, жалгыз боз үйдү өрттөп коюшкан.

Таластан качкан Чыйырды менен Каныкей токтогон чынар бак, чынар бак эмес эле тал. Аксыдан түшө бергенде Сары-Челек боюнан чынар багы дагы, булагы дагы, токою дагы табылат эле го...

Тасманын кульминациясы болчу Тайторунун чабышы дагы такыр окшошкон эмес. Букардын кумунда ай туягын мылтый, чөлүн кезип, ташын кечип чуркайт эмеспи. Тасмада чөл эмес, чөп өскөн бөксө тоонун боорунда томуктай жерди айлана берген.

Тасманын дагы бир кульминациясы Каныкей Семетейди балам деп жибергени. Ал сөз катардагы сөз катары айтылган. Эч кандай эмоциясыз, музыкалык коштоосуз.

Эң акырында Семетей менен Коңурбай аскерлерин жыйып келип, жекеме-жек чыккан жери бар экен. Аскерлерди компьютердик графика аркылуу жасалма көбөйтүп койгону өтө одоно билинип калган.

Манас кыргыздын руху, духу, көксөөсү, дымагы эмеспи. Тасма анын бирине да жооп бербейт.

Тасма тар коктуда тартылган. Кең Талас, жайык талаа, айтылуу Букар, Букардын эрме чөлү жок. Масштаб жок.

Мынтип ар бир деталына токтолуп кете берсе сөз түгөнбөйт. Баамымда тасма тартуучу топ жакшы тасма тартууну максат деле кылбагандай.

Бир сөз менен айтканда бул тасма кээ бирлердин кыргыздар көп мактана бербей «ханыша деген Курманжан даткаңардын Маннергейм тарткан сүрөттөгү минген аты менен кийген кийимин карагылачы», - деген сөзүн кубаттагандай болуптур.

Бирок чыгармачылык эркиндик болуп, эч кимге тасма тартууга тыюу салынбаш керек. Бул тасма элге сиңип, Манас окубаган жаш муун ушул тасмадагыдай элестетип калат дегенден алысмын. Режиссер дараметинин жетишинче тартыптыр, убакыт болсо барып көрүп коюу дагы ашыкча болбойт. Бул тасма тескерисинче Манас эпосу жөнүндө тасма тартууга жоопкерчиликти дагы күчөткөндөй...», - деп жазган ал.

Эске салсак, тасма продюсер Өмүрзак Төлөбеков Эл акыны Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынын негизинде тарткан.

Анын бюджети 1 млн. долларды түзүп, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тартылганы айтылган. Көркөм тасмага Эл артисти Эгемберди Бекболиев жана казакстандык режиссер Дархан Кожохан режиссерлук кылган.

Каныкейдин ролун актриса Албина Имашова, Чыйырдыны Калича Сейдалиева, Бакайдын ролун Темирлан Сманбеков, Жакыптын ролун Эшенкул Барпиев ойногон.

«Манас» эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине жана Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости