www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Манас шаарындагы сел каптаган аймактардагы кырдаал менен жеринен таанышып, таңкы саат 06:00дө жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда ыкчам штабдык жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга селдин кесепеттерин ыкчам жоюу, жабыркаган аймактарга талдоо жүргүзүү жана зарыл чараларды кабыл алуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан, Манас шаары жана Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн жалпы 70 куткаруучу тартылып иш алып барууда. Кошумча күч катары Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 30 куткаруучу жөнөтүлүп, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.