www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-апрелинде түнкү саат 22:00дөр чамасында жааган нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары ички сел каналдарына батпай калып, Манас шаарында 40тан ашуун турак жайдын короолорун каптаган. Ошондой эле 4 социалдык объектини суу каптаган.
Манас шаардык жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жеринде сел кырсыгынын деңгээлин жана келтирилген материалдык чыгымдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда турак жайлардан сел калдыктарын чыгаруу, аймактарды тазалоо жана тургундар үчүн коопсуз шарттарды түзүү иштери Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жетекчилиги астында түзүлгөн ыкчам штаб тарабынан координацияланууда.
Бул иштерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 114 куткаруучу, ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынан 334 кызматкер жана 24 техника тартылган.
Мындан тышкары, белгиленген аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, иштер улантылууда.