www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас районунда беш баш жылкыны уурдоого шектелген эки жаран кармалды.
Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 10-августунда Манас РИИБге 1980-жылы туулган жергиликтүү тургун кайрылып, 8-августка караган түнү талаада аркандалып турган беш жылкысын белгисиз адамдар жиптерин кесип алып кеткенин билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси («Мал уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.
Талас ОИИБдин жана Манас РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында уурдалган жылкылардын Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарында сатылганы аныкталган.
Кылмышка шектүү катары Манас районунун 1994-жылы туулган А.Е. жана 2005-жылы туулган Ө.Т. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, уурдалган жылкылардын ичинен бир бээ жана бир кулун 16-августта Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базарынан табылып, ээсине кайтарылды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана уурдалган жылкыларды сатып алган жарандарды тактоо боюнча тергөө иштери уланууда.