www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жана “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө”, “Банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “КР Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.