www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов "Манас" улуттук академиясы тарабынан басылып чыккан "Кырк чоро" китебинин бет ачарына катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосун ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жана “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында өттү.
Мамлекеттик катчы куттуктоо сөзүндө "Манас" эпосундагы кырк чоро кыргыз мамлекеттүүлүгүн, улуттун биримдигин, эркиндигин жана руханий бийиктигин даңазалаган улуу мурастын символу экенин ырастады. Ал Манастын чоролору жөн гана мифологиялык каармандар эмес, эрдиктин, ынтымактын, улуу идеалга берилгендиктин, элди жана жерди коргоодо көрсөтүлгөн чыныгы мекенчилдиктин үлгүсү экенин белгиледи.
Марат Иманкулов бул китеп жаш муунду тарбиялоодо, улуттук аң-сезимди чыңдоодо жана тарыхый эстутумду жаңыртууда маанилүү идеологиялык булак болот деген ишенимин билдирди. Сунушталган китеп Манастын кырк чоросунун каармандык түс-келбетин, тарыхый ролун жана чыгармачыл образдарын чагылдырат. Басылма Сагынбай Орозбак уулунун жана Саякбай Карала уулунун варианттарынын академиялык басылыштарынын негизинде даярдалган.
Ал ошондой эле өлкө боюнча "Манас" эпосун тереңдетилген илимий, тарыхый жана маданий изилдөөлөрдү улантуу зарылдыгын баса белгиледи. Жаңы китептерди жана окуу куралдарын иштеп чыгуу жаштарды тарбиялоого, улуттук аң-сезимди бекемдөөгө жана кыргыз элинин руханий мурасын кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, ал бул ишти жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин, студенттердин жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнүн арасында жайылтуунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Марат Иманкулов коомчулукту, бардык мекеме-уюмдарды улуттук руханий баалуулуктарды жайылтууга жана "Манас" эпосунун маанисин жана духун жаш муундарга жеткирүүгө активдүү көмөктөшүүгө чакырды.