www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин түзүмүндөгү бир катар башкармалыктарда кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлдү.

Тиешелүү буйруктарга Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.

Атап айтканда:
• Баткен регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башчысы кызматына Сайтмуратов Ибрахим Кудратиллаевич дайындалды;
• Ош регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башчысы кызматына Эсеналиев Ысмайыл Миталипович дайындалды;
• Ош шаарынын мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башчысы кызматына Сейдалиев Азизбек Гуламович дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев жаңы дайындалган жетекчилерди эмгек жамааттарына тааныштырып, алардын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Ошондой эле курулуш тармагындагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана курулуш иштеринин сапатына болгон көзөмөлдү күчөтүү боюнча конкреттүү милдеттер белгиленди.

Белгилей кетсек, кадрдык дайындоолор белгиленген тартипте расмий түрдө жарыяланып, 2026-жылдын 19-февралынан тартып күчүнө кирди.

Последние новости