www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Рустам Мамасадыковду Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары кылып дайындады.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы кол койгонун “Ынтымак ордонун” маалымат кызматы кабарлады. Ал 2025-жылдын декабрь айында Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп бекитилген.

Рустам Мамасадыков 2019-2020-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматан бошотту. Мунун артынан эле УКМКнын төрагасынын орун басарларын да кызматтан алды.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызмататн алуу чечимин “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.

Ал бул кызматка келгенден кийин коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш жарыялап, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Андан бери бир катар адамдар уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген кине менен кармалды.

Атайын кызмат жакында эле УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдиргенин, Азаттык жазып чыкты. 

Камчыбек Ташиев кызматтан алынышы тууралуу комментарий бере элек

Последние новости