www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары Жаз майрамын (Кытай Жаңы жылын) майрамдоого байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу 10-февралда УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Эркечтам—автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту 15-февраль күнү саат 20:00дөн 19-февраль күнү саат 08:00гө чейин жабык болот.

«Торугарт—автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту 17-февралдан 20-февралга чейин иштебейт.

Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын чек арадан өтүүнү пландоодо бул маалыматты эске алууга чакырат.

Последние новости