www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунда мал чарбасындагы кайра өндүрүү биотехнологияларын өнүктүрүүгө арналган тегерек стол өттү.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасында мал чарба тармагында колдонулуп жаткан заманбап ыкмалар, анын ичинде жасалма уруктандыруу жана эмбриондорду трансплантациялоо технологиялары талкууланды.
Тегерек столго мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий кызматкерлер жана эл аралык өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алардын катарында тиешелүү министрликтин өкүлдөрү, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим -изилдөө институту, ошондой эле Дүйнөлүк банк, ARIS, KOICA, KOPIA жана AFACI уюмдары болду.