www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент А. Атамбаевдин мурдагы таразачысы, кампачысы, аппаратынын жетекчисинин орун басары, Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов жакында “Дастан ТУК” ААКсындагы Украинанын чарбалык эсептеги бир мекемесине ашыкча төлөнгөн 470 миңден ашык доллар боюнча кылмыш ишинде гана эмес, Атамбаевдин командасындагы бир катар адамдардын камалуусунда саясый себептер бар экендигин билдирди.

Көп убактардан бери бийликтегилер менен тирешип келе жаткан чоң саясый фигураларга кокустан кылмыш иштери козголсо, же камалып калышса, “булардын артында саясый себептер барбы?” деп шектенсе болот, бирок ач көздүктөрүнөн улам элдин эсебиндегилерди жалмап жиберип, коррупция боюнча шектелип кармалгандардан, жеке кызыкчылыктарынан же шалаакылыктарынан улам мамлекетке ири өлчөмдөрдө зыян келтиргендерден деле саясый себептерди издей берүү - атактуу бир сатириктик сөзү  менен айтканда, өтө эле апырткандык болуп саналат.

Саясый себептер жөнүндө сөз кылуудан мурда, алар сөздүн толук маанисиндеги саясатчы же протекциянын күчү менен эт менен челдин ортосунда эптеп илешип жүргөн бечара фунционер экендигин аныктап алышыбыз керек.

Мүмкүн, Албек Ибраимов мыкты таразачы, күнүгө 30-40тан чычканды капканына түшүргөн кыраакы кампачы болгондур, ал жөнүндө АША гана билет, анткени, ал өмүр бою анын менчигиндегилерди гана сактап келаткан жан. Бирок жада калса “Кыргызстан” деген сөздү туура жаза албаган, харизмалык кымындай да сапаты жок, бийликке каршы бир да акцияга аралашпаган, а түгүл эл алдында эки ооз сөздү да куюлуштуруп айта албаган адамды саясатчы дегенге таптакыр болбойт. Бул жагынан алганда А.Ибраимов АШАнын этегин бекем кармап, анын айткандарын кың этпей аткарып, ошонун аркасы менен жан сактап, мамлекеттик, муниципиалдык кызматтарга аралашып, аягында эпсиз байыганга жетишкен азыркы функционер-сасык байлардын бири.

Ал Кой-Таштагы мурда “Дастанга”, анан М.Бакиевге таандык болгон 2,7 гектар жерди алгач аялына өткөрүп, анан А.Атамбаевге менчиктеп бергендиги үчүн Бишкектин мэрлигин алгандыгын элдин баары билет. Мына ушундай катардагы функционердин өзүн саясатчыга теңеп жаткандыгы аргасыз күлкүнү гана келтирет. Саясый кызматтарды ээлегендердин бардыгы эле саясатчы катарында эсептелбей тургандыгын Албек байкебиз түшүнө турган куракка эбак жеткен, бирок дээринде болбогонго чоң кызмат деле жардам бере албайт окшобойбу.

Азыр Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкан, ж.б. кылмыш иштерге байланыштуу камалгандардын, сырт жактарга качып кеткендердин, азыркы талаптарга ылайык келбей калгандыктары үчүн кызматтарынан бошотулгандардын арасында саясый иш аракеттердин аркасы менен же саясый партияларды жетектеп, оппозицияда тирешип жүрүп, элдик трибунга айланып, публикалык жол менен чоң кызматтарга келгендери жок.

Сапар Исаков адегенде М.Бакиевдин чемоданын ташып жүрүп, анан АШАны шектүү “инвесторлор, кардалдар” менен тогоштуруп жүрүп, ошонун аркасы менен аппараттан чыкпай жүрүп эле премьер-министр болгон. Асканын жарыгынан чыга калгандай мисирейген Ирина Жолдубаева ким экендигин билмек түгүл, дабышын деле кыргызстандыктар жакшылап угушкан эмес, ал саясатчы болмок түгүл, эки адамдын башын кошуп деле жакшылап сүйлөшө алгыдай жан эмес. Салайдин Авазовду энергетиктерден башка эч кимдер деле жарытылуу билишпейт, Осмонбек Артыкбаевдин болгон-толгону, а түгүл кличкасы да аптекачы, ал Акаевден берки бардык бийликке бүгүлүп келди эле, бирок АШАга да жагынуу үчүн анын авантюристтик көрсөтмөсүн аткара койгондугу гана анын түбүнө жетүүдө. Болбосо азыркы бийликке деле көп аптекаларындагы аптекачы кыздардын бириндей шыпылдап кызмат кыла бермек. Эгерде Кубанычбек Кулматовду саясатчы десек, анда Шыкмаматовду ашык-кеми жок Наполеонго, Айсулуу Мамашованы Жанна да Аркка теңештириш керек. 

Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев тууралуу өзүнчө сөз кылып, сөздүн кадырын кетирип да кереги жок. Ал Акаевдин тушунан бери майлуу-сүттүү жерлерге гана сүлүктөй жабышып, бардык бийликтин ырын ырдап, камчысын чаап келаткан жан. Буга чейин майлуу-сүттүү орундарга бекем жармашып, капчыктарын гана кампайтып келгендерди көйкашка саясатчыларга теңеп, саясат деген сөздүн баркын кетирбешибиз керек. “Сагызган сактыгынан эмес...” дегендей болуп, темир торго түшүп калышкандары, кызматтарынан алынгандары үчүн  өздөрүн өздөрү гана күнөөлөшү керек.

А.Ибраимов өз билдирүүсүндө “Дастандагы” окуя мындан 7 жыл мурда болсо да, анын азыр иликтенип, өзүнө кылмыш иши эми козголгондугунда да саясый себеп бар деп чечмелептир. Ачыгын айталы, бул анын аңкоолугубу же бөөштөнгөндүгүбү, аны түшүнбөдүк. Жети жылдын 6 жылында АША кожоюну мамлекетти башкарып, аны кожосундай калкалап, кызматтан кызматка гана көтөрүп келсе, кайсыл камикадзе прокурор ага кылмыш ишин козгогонго батынмак? Коррупцияга каршы элдешкис чыныгы күрөш Кыргызстандын жаңы тарыхында быйыл гана башталып, ага кезек эми жеткендигин да эмне,  чала сабат мэр билбейби? Мэр шашпай турса, анын башка иштерине да кезек келгени туру.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости