www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франция президенти Эммануэль Макрон Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бирок ал үчүн Украина президенти Владимир Зеленский жана Европа лидерлери макулдук бериши керек. Бул тууралуу Le Point басылмасы жазып чыкты.
"Мен президент Зеленский жана европалык өнөктөштөрүбүз менен биргеликте ылайыктуу учур келди деп эсептегенде, президент Путин менен сүйлөшүүгө даярмын", — деди Макрон.
Буга чейин Франция президенти орус кесиптеши менен "ылайыктуу учурда" сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Анын айтымында, бул алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында болушу мүмкүн.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Макрондун мурдагы билдирүүлөрүнө жооп берип, эки өлкө лидерлеринин телефондук сүйлөшүүсүн уюштуруу боюнча эч кандай өтүнүч келбегенин белгиледи.