www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Ирандагы өзөктүк объектилерге жасаган соккулары мыйзамсыз. Бул тууралуу Франция президенти Эммануэль Макрон билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, ал Норвегиянын премьер-министри менен биргелешкен маалымат жыйынында Ирандын өзөктүк программа боюнча маселесин дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын айткан.
"Ирандын өзөктүк инфраструктурасын жок кылуу керек деп эсептесек да, бул аракеттердин мыйзамдык негиздери жок. Чындыкты ачык айтуубуз керек: бул соккулар легитимдүү эмес. Франция Иран өзөктүк куралга ээ болбош керек деген ниетте, бирок бул максатка жетүүнүн жалгыз жолу — дипломатиялык ыкмалар", — деди Макрон.
АКШ 22-июндун түнү Ирандын Натанзе, Фордо жана Исфахандагы өзөктүк үч объектисине чабуул жасаган. Максат Тегерандын өзөктүк программасын алсыратуу же биротоло жоюу болгону айтылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран "бул согушка чекит коюуга" моюн сунушу керектигин деп, болбосо Иранды мындан да олуттуу нерселер күтөт деп эскертти.
Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи "дипломатиянын эшиктери ар дайым ачыктыгын, бирок азыр андай учур болбой тургандыгын" белгилеген. Анын айтымында, дал АКШ дипломатияны жокко чыгарды. Ал өзүнүн коопсуздугун жана өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн Иран бардык чараларды көрө турганын айтты.
Ирандын атомдук энергетика боюнча уюму өлкө өзөктүк өнөр жайын токтотпой тургандыгын билдирген.