www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов Европа Биримдиги бере турган 6 млн евро кайсы долбоорлорго жумшалмак эле деген суроого жооп берди.
Анын айтымында, ал каражат Европа биримдиги бюджетти колдоого бөлүнмөк. Ал каражат компетенция борборун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүгө, маалыматтык коопсуздук окуяларына реакция кылуу улуттук борборун (CERT) күчтөндүрүүгө жумшалмак.
“Ал бюджеттик колдоо катары бөлүнүп жаткан. Биз да ал каражаттын кармалып калышынына тынчсыздандык. Бирок ал долбоорлор келерки жылы уланат”, - деди ал.
Белгилей кетсек, Европа Биримдиги Кыргызстанга санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жумшала турган 6 млн евронун бөлүнүшүн токтоткон.
Булак: NazarNews.kg