www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусь президенти Александр Лукашенко Кытайга боло турган сапары жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу тууралуу айтты. Тиешелүү билдирүүнү мамлекет башчы 21-августта ракеталарды өндүрүү боюнча жыйында айтты, деп билдирет БЕЛТА.
Заманбап шарттарда аскердик операцияларды жүргүзүүнүн формаларын жана ыкмаларын эске алуу менен өлкөдө ракеталык өндүрүштү мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун аныктоого тийиш болгон иш-чаранын күн тартибинин актуалдуулугуна токтолуп, мамлекет башчысы дагы бир олуттуу жагдайга көңүл бурду.
"Бул менин Кытай Эл Республикасына болгон сапарыма жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүгө байланыштуу да маанилүү (биз мындай жолугушууну пландаштырып жатабыз). Эмне үчүн? Анткени биз Кытайдын аскердик-өнөр жай комплекси менен тыгыз байланышта ракеталарды чыгарууну баштадык жана уланттык, азыр бизде байланыштар бар", - деди Александр Лукашенко.
Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Беларусь президенти Александр Лукашенкону августтун аягында – сентябрдын башында Пекинде өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана парадга чакырганы маалымдалган.
"Августтун аягында Тяньцзин шаарында ШКУнун саммитин өткөрөбүз, бир аздан кийин 3-сентябрда Дүйнөлүк антифашисттик согуштагы Жеңишти салтанаттуу түрдө белгилейбиз - парад өткөрөбүз. Мен сиздерди чын жүрөктөн чакырам жана көрүүгө кубанычта болом", - деди Кытай лидери ушул жылдын июнь айында беларус кесиптеши менен жолугушууда.
3-сентябрда Кытай армиясы аскердик техникасын, жаңы заманбап куралдарын, анын ичинде гиперүндүү ракеталарды, танктарды жана учкучсуз системаларды тартуулай турган масштабдуу парад болот. Салтанаттуу иш-чара Кытай элинин жапон агрессиясына жана дүйнөлүк антифассик согушуна каршы күрөшүүдөгү Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлөт.
Аскердик парадга бир нече күн калганда Тяньцзин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Иш-чара 31-августтан 1-сентябрга чейин болот.