www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга дейре коомчулук тарабынан этке карата баа өсүп атканы айтылып, нааразычылыктар жаралып келген. Дээрлик азыктүлүктөр кымбаттап кеткени да жашыруун эмес. Бул өкмөттүк деңгээлдеги көйгөй. Премьер-министр Адылбек Касымалиев каатчылык алкагында кандай иштерди жасап жатканы белгисиз.
УКМК суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдиновду баш кылып, бир канча жетекчилерин, кызматкерлерин кармады. Алар кызматтык иштерин кыянаттык менен пайдаланып, мал чарбасы багытында алектенбеген өздөрүнө тийешелүү адамдарга мыйзамсыз квота бергени боюнча коррупциялык схема уюштурушканы жарыяланды. Маалыматка ылайык, июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өлкө ичинде эттин баасын турукташтыруу максатында малды экспорттоого квота киргизилген. Бирок бул жааттан коррупцияга шек саналып, министрдин орун басары Самат Насирдинов кол алдындагы жетекчилери менен камакка алынып отурат.
Албетте, бул көрүнүш министр Бакыт Төрөбаевге түздөн-түз сокку катары урулду. Моралдык жагынан да оор. Азырынча бир жактуу жыйынтык чыгаруу эрте. Тергөөнүн жүрүшү, соттун чечиминен көп нерсе ачыкталса керек. Биздин баамыбызда, Бакыт Төрөбаев өтө этияттыкта, өзүн таза кармоо иретинде иштеп аткандай сезилген. Тилекке каршы, орун басары баш болгон төрт жетекчинин камалышы бир топ ыңгайсыздык жаратып койду. Министр ордунда калабы, же кетеби? Кандай болгон күндө да, жаманатты сөз тарап, ооматы тайгандай көрүнүш жаралды. Өкүнүчтүү...
"Азия Ньюс" гезити